Бизнес-насаатчы учун кулактандыруу

Бизнес-насаатчы учун кулактандыруу

Кулактандыруу АРИСтин АИД-3 КК долбоорунун алкагында бизнес насаатчыларды кызматташууга чакырабыз Ыссык-Көл облусунда АРИСтин АИД-3 КК долбоорунун Киреше Булактарын колдоо программасынын алкагында баардык кызыктар тараптарды жана ишкерлерди - бизнес наасатчы катары кызматташууга чакырат. Кызматташтыктын негизинде бизнес наасатчылар Киреше Булактарын колдоо программасынын катышуучуларына: кирешелерин көбөйтүү, бизнесин ийгиликтүү ачуу же өнүктүрүү боюнча билимин жана көндүмдөрүн өркүндөтүү боюнча мезгил – мезгили менен насаатчылык жардамын көрсөтөт. Иштеп жаткан бизнес ишкананын мыкты тажрыйбасы менен бөлүшүү менен кошумча нарк чынжырчасын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт. Өз кезегинде насаатчылар долбоорго катышуу аркылуу өзүнүн кардарларынын базасын кеңейтүү менен ишкананын имиджин көтөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, АРИСтен жана коомчулуктан ар кандай каржылык эмес колдоолорду жана стимулдарды ала алышат. Долбоор алкагында кызматташуу үчүн сиз потенциалдуу бизнес-насаатчылык анкетасын толтурушуңуз керек. Анкета формасын төмөнкү шилтеме боюнча 👉https://docs.google.com/d… толтурсаңар болот Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү даректерге кайрылсаңыз болот: Эсенгазы Мамбетов, улук адис экономист Ватсапп/тел.: 0701258142 Эл.почта: [email protected] Адрес: Каракол шаары, Ж.Абдрахманов көчөсү 105

Points

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information